Ошто студенттердин үгүт ишине катышышы. ОшМУнун ректору кызматтан алынып, министр менен мэр сөгүш алды

Ош шаарында 4-ноябрда «Азаттык» партиясы үгүт иштерин жүргүзүп, аянтка жарандарды чогулткан. Иш-чарага студенттер да барган. Бул коомчулук тарабынан сынга алынып, административдик ресурс колдонуу катары сыпатталган. Окуя боюнча Ош ШИИБ комментарий берип, студенттерди окутуучулар экскурсияга барабыз деп алдап, үгүт иштерине алып барганын билдирген.

Ал эми окуя боюнча Министрлер кабинети маалымат таратып, Ош шаарындагы студенттердин угүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Бакыт Муратбаев жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан алынганын, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынганын, Билим берүү жана илим министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланганын билдирди.