Өзбекстан Кемпир-Абадды эс алуу жайына айландырганы жатабы? Ташиевдин жообу

«Өзбекстан Кемпир-Абадды эс алуу жайына айландырганы жатабы?» деп суроо салды депутат Максатбек Сарыбагышев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге. 

«Муну мен жеке өзүм сүйлөшкөм. Мунун барын провокаторлор жасаганын айтышты. Муну өзбектер эмес, кыргыз тарап жасаткан. Ал жерди эс алуучу жайга айлантайын деген ойлору жок. Аларга жерди сугаруу үчүн эле суу керек», — деди УКМКнын төрагасы.