Өзбекстандын өкмөт башчысы Ысык-Көлгө келди

Бүгүн, 15-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Абдулла Арипов эртең, 16-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган эки өлкө ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышат.