Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргыз Республикасына келди. Аны “Манас” аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.
Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.