«Өзгөчө мааниге ээ». Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда Москвага жасаган расмий сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Путин Жапаровдун расмий сапары Жеңиш майрамынын алдында өтүп жатканы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ал Улуу Ата Мекендик согушта 360 миң кыргызстандык фронтко аттанып, жарымынан көбү кайтпай калганын эске салды.

Орусиянын президенти ошондой эле өлкөлөр ортосундагы кызматташтык азыр өсүү жолунда экенин, буга акыркы бир жылда товар жүгүртүүнүн 37 пайызга өсүүсү далил экенин белгиледи. Ошону менен бирге, Владимир Путин Орусия Кыргызстан үчүн түз капитал салуу боюнча эң ири инвестор экенине токтолуп, бул тенденция күч ала тургандыгына ишеним билдирди.

Садыр Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Улуу Жеңиштин 78 жылдыгынын алдында Москвада өзгөчө кубаныч сезими менен болгонун белгиледи. “Биз келечек муундардын эркиндиги үчүн оор аскердик сыноолорду башынан өткөргөн аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын эрдигин эч качан унутпайбыз. Алардын элеси ар дайым сакталат”, — деди Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоого жана эки мамлекеттин кызыкчылыгында кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча кеңири пикир алмашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи. Өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө биргелешкен диалогду улантууну макулдашышты.