Өзгөн шаарынын мэрине сөгүш берилди. Ал тил жөнүндө мыйзамды бузган

Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримовго сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 30-октябрда Өзгөн шаарынын күнүнө арналган иш-чараларды уюштурууда «Кыргыз Республикасынын тили жөнүндө» мыйзамдын 7-беренесин бузууга жол берген. «Эгерде аталган мыйзамды мындан ары да бузууга жол берилсе, анын ээлеген кызмат орду карала турганы белгиленди», — деп айтылат маалыматта.