Өзгөндүн мэрлигинен алынган Нодирбек Каримов тарапташтарын митингге чыкпоого чакырды

Өзгөндүн мэрлигинен алынган Нодирбек Каримов тарапташтарын митингге чыкпоого чакырды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.

1-май күнү Өзгөн районунун борбордук аянтчасында шаар тургундары 30-апрель күнү Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримовдун ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чыккан тескемесине нааразы болушуп, тынчтык митингин өткөрүшкөн. Анда алар президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашып, тез арада чара көрүп берүүлөрүн суранышкан.

Бүгүн, 3-майда кызматтан алынган мэр Өзгөн райондук сотуна арыз жаза турганын жана маселени мыйзам чегинде сот аркылуу чече тургандыгын билдирип, тарапташтарын митингге чыкпоого чакырды.

Март айында Өзгөндүн мэри Нодирбек Каримов мыйзамсыз жер бергендиги боюнча айыпталып жатканын Башкы прокуратурадан маалымдашкан.