«Өзүн хан сезип алыптыр». Депутат «Токмоктун мэри парламенттен кечирим сурашы керек» дейт

Бүгүн, 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев сөз сүйлөп, Токмок шаарынын мэри депутаттардан кечирим сурашы керектигин айтты.

«Биз биринчи кезекте Конституция, регламент менен ишибизди алып барабыз. Депутаттардын статусу деген да бар. Эрулан Кокулов боюнча айтып кетейин дедим эле. Ооба, мамлекеттик кызматта иштеген эмес, айрым мүчүлүштүктөр бар. Эруландын кандай экенин өзүңөр да билесиңер. Ичи таза, сөзүнө бекем турган адам. Эгер ушундай болбосо эл сүймөнчүлүгүнө айланып, 19 миң добуш алып келмек эмес. Айтайын дегеним, Эрулан ал жерге ойноп барган жок. Элдин кайрылуусу менен барган. Аткаминер жалпы парламенттен кечирим сурап койсун. Мектепти бүтүрөм деп айтып койсун. Өзүн хан сезип алыптыр»,- деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов буга чейин социалдык тармактагы баракчасына «Токмок шаарынын мэринин элдин суранычы менен барган эл өкүлүнө жасаган мамилеси» деген видео жарыялаган. Видеодон Эрулан Кокулов Токмок шаарынын мэри менен ызылдашып жатканын көрүүгө болот. Алдын ала маалыматтар боюнча, депутат шаардын аймагындагы спорттук залга барып, ага жасалган оңдоо иштерине нааразы болгон. Кийин Токмок шаарынын мэрия маек берип, Эрулан Кокуловду «таракан кууп жүрүп депутат болгон» деп айткан.