Пара талап кылууга шектелип кармалган Азамат Дыйканбаев кызматынан бошотулду. Анын ордуна ким дайындалды?

Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп Дастан Догоев дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бүгүн, 20-майда Азамат Дыйканбаев «Коопсуз шаар» долбооруна байланыштуу ири суммадагы пара талап кылуу кинеси менен кармалды.