Парламент Жогорку Соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Соттун төрагалыгына Сатыев Медербек Асанбековичтин талапкерлигин жактырышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 75 депутат «макул» болду. «Элдин алдында ант бергем. Сот системасын эл үчүн, мамлекет үчүн иштетүүгө болгон күчүмдү жумшайм. Сот системасынан мамлекеттин экономикасы түздөн-түз көз каранды», — деди ал.