Парламенттик шайлоо. Дагы алты адам жарышка катышуудан баш тартты

Дагы алты адам бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын жыйынында белгилүү болду.

Маалым болгондой, баш тартуу боюнча арызды Эркинбек Чодуев (№10 Куршаб шайлоо округу), Токтоналы Нусубалиев (№21 Талас шайлоо округу), Салиман Малдыбаева (№36 Ысык-Көл шайлоо округу), Акылсыры Жумабекова (№35 Ак-Суу шайлоо округу), Улан Карагулов (№31 Чүй-Кемин шайлоо округу) жана Асан Шакиров (№13 Сузак шайлоо округу).

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого 306 талапкер катышарын билдирди.