Парламенттик шайлоо. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-октябрда саат 18:00дө Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин арызын кабыл алууну токтотту. Ошондой эле бул убакытка чейин шайлоого катышуу ниети бар партиялар талапкерлеринин тизмесин бериши керек болчу.

Бүгүн, эртең мененки убакытка карата 308 адам бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирген. Азырынча БШКнын сайтында кечке чейин арыз тапшырган адамдардын тизмеси илине элек.