Бүгүн — акыркы күн. Парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга 38 партиядан билдирме түштү

28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме БШКга 38 партиядан түштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Алар:

  1. «Социал -демократтар»;
  2. “Улуттар биримдиги”;
  3. “Ишеним”;
  4. «Альянс»;
  5. “Кыргызстандын жашылдар партиясы”;
  6. “Жаратман Эл”;
  7.  «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»;
  8. «Ата Мекен»;
  9. «Ыйман Нуру»;
  10. «Эл үмүтү социалдык саясий партия»;
  11. “Актив”;
  12. “Бийлик элге”;
  13. ”Акыйкат Кыргызстан”;
  14. «Ар-Намыс»;
  15. «Кыргызстандын саясий кучторунун альянсы»;
  16. «Күч биримдикте социалдык-саясий партиясы”;
  17. «Азаттык” демократиялык партия”;
  18. «Ынтымак”;
  19. «Аалам”;
  20. «Тилектештик”;
  21. «Социалист”;
  22. «Ак Асаба”;
  23. «Ак Бата”;
  24. «Адилет”;
  25. «Ата-Журт Кыргызстан”;
  26. «Мекенчил Эл”;
  27. “Бирге-Вместе”;
  28. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”;
  29. “Менин Мекеним”;
  30. “Келечек-Будущее»;
  31. ”Элдик Партия”;
  32. “Биздин Эл”;
  33. “Жаңы ЭРА”;
  34. «Күчтүү регион”;
  35. «Жаңы Мезгил”;
  36. “Бүтүн Кыргызстан”;
  37. “Кыргызстандын элдик-демократиялык партия”;
  38. «Асыл- Мурас Жаштар”.

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин эске салат. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 3-сентябрь, саат 18.00гө чейин.