Премьер-министр Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдырат

Өкмөт башчы Улукбек Марипов 12-13-март күндөрү жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын жүрүшүндө өкмөт башчы бир катар социалдык объектилерге капсула салуу салтанаттарына катышып, айыл чарба объектилеринин иши менен таанышып, Ош облусунун Араван районунун дыйкандары менен жолугушмакчы.

Ошондой эле Улукбек Марипов Жалал-Абад жана Ош облустарындагы бир нече социалдык, инфраструктуралык объектилердин абалы жана айрым өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат.