Президент: «2020-жылга чейин Бейшеналиевдин Түркияда, Дубайда үйү жок болчу»

Жогорку Кеңеште саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Ага депутат Жусупбек Коргонбай уулунун министр жөнүндө айткан акыркы билдирүүлөрү себеп болду. Эл өкүлү чоң трибунадан министр президенттин ишенимине кирип, туура эмес иштерди жасап жаткандыгын айтып чыкты. Депутат-министр тирешине байланыштуу «Кабар» агенттиги президент Садыр Жапаровго кайрылып, пикирин укту.​
«Депутаттык комиссия түзүшкөн турбайбы. Өз көзү менен көрүп келишсин. Мен кызматка келгенде биринчи жолу барып көргөнүмдө имараттын сөлөкөтү (каркасы) эле турган. Бизнесмендерден “Толук бүтүргөнгө жардам бергиле” деп жардам сурагам. Ал убакта мамлекетте акча жок эле да. Алар эсептеп чыгып, аягына чейин бүтүрүш үчүн 15 миллион доллар (1,5 миллиард сом) болот экен, биздин күчүбүз жетпейт деп келишкен. Себеби жалпы аянты 28 миң чарчы метрди түзөт. Анда өзүбүз эле эптеп бир нерсе кылып бүтүрөлү деп марафон уюштурганбыз. Элден 58 миллион сом түшкөн. “Кумтөр” 200 миллион сом берген. Бардыгы болуп 291 миллион сом берилген. Эгер депутат айткандай ушул акчадан жеп койгону аныкталса жазалайбыз, төлөтөбүз. Биз бир дагы министрди коррупциясы же уурулугу үчүн коргогон эмеспиз жана коргобойбуз. Буга чейин канчалаган министрлер кетишти. Канчасы камалып чыкты көрүп эле атпайсыңарбы», — деди президент.
«Эл өкүлү министрдин ондогон элиталык делген батирлери, эбегейсиз байлыгын бар экенин да айтты. Ал турсун Дубайда, Түркияда дагы бар дейт. Эми текшерүү жүргүзүлөбү?» деп журналист суроо узаткан. Ага өлкө башчысы «Текшерип көрүшсүн. Качан алган? Кайсы акчага алган баарын текшерип көрүшсүн. Эгер акыркы үч жылда алган болсо, анда конфискация кылабыз, жазалайбыз. Себеби 2020-жылга чейин мен билгенден Алымкадыр Бейшеналиевдин Дубайда, Түркияда батирлери жок болчу» деп жооп берди.