Президент айлык акынын канчага көтөрүлгөнүн эсептеп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынына катышууда. Ага билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык коргоо жаатында иштегендер бардык аймактан чакырылды.

«Берген убадабыз боюнча сөзүбүзгө туруп, бүгүндөн тартып сиздердин айлыктарды көтөрдүк. Өткөн жылы, өзүңүздөр билгендей, медиктердин айлыктарын көтөргөнбүз.

Маданият тармагынын кызматкерлеринин айлыктарынан баштагым келип турат. Менин жарлыгыма ылайык, биз айлык акыларды дээрлик 100 пайызга көтөрдүк. Бир-эки мисал айтайын. Эгерде Аламүдүн райондук борбордук китепкананын жетектөөчү китепканачысынын айлык-акысы мурда 10 миң 875 сом болсо, эми 1-апрелден баштап анын айлык акысы 21 миң 845 сомго, 2 эсеге көбөйдү. Нарындагы мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейдин жетектөөчү илимий кызматкери мурда 17 миң 550 сом алса, эми 33 миң 222 сом алат. Айлык менен кошо бийик тоолуу жерлер боюнча кошумча үстөк толук сакталды. Ош академиялык Бабур атындагы театрдын актёру мурда 17 миң 700 сом алса, эми 28 миң 239 сом айлык алат. Республикалык Баялинов атындагы балдар китепканасынын жетектөөчү китепканачысы мурда 9000 сом айлык акы алып келсе, эми 1-апрелден баштап 20 миң 444 сом алат.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлери боюнча да биз айлыкты орточо 2 эсеге жогорулаттык. Алардын айлыгы бийик тоо шартында 7,5 эле миң сом болчу, эми бул айдан баштап 14 миң сомго чейин, стажы көп болсо – андан да көп алышат.

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусу орто эсеп менен 50 пайызга жогорулады. Бул жерде «айлык-акы категориялар үчүн төлөнчү төлөмдөрдү алып салуунун эсебинен жогорулатылат» деген кептердин баары чындыкка коошпостугун дароо эле айтып кетейин. Биз категориялар үчүн төлөмдөрдү сактап, калтырабыз! Маселен, Сузак районунун №15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы 32 жылдык стажы бар үй-бүлөлүк дарыгер мурда 17 миң 500 сом алып келген болсо, мындан ары ал 25 миң 718 сом ала баштайт. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын 14 жылдык стажы бар медайымы 1-апрелге чейин 11 миң сом алса, ушул айдан тарта 17 миң 248 сом ала баштайт.

Эми билим берүү министрлигине токтололу. Министрликке быйыл кошумча 16 миллиард сомдон ашык каражат бөлүп бердик. Муну менен Билим берүү министрлиги – эң көп каржыланган министрлик болуп калды. Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50 пайыздан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасына өткөздүк, категорияларды да киргиздик. Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында  айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү. Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педучилищаны бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалимге мурда 8 846 сом чегерилип, колуна 7 200 сом алып келсе, 1-апрелден баштап ага 23 миң 933 сом чегерилип, колуна 21 миң 800 сом ала баштайт. Көрүп турганыныздай, үч эсеге көбөйүп атат. Дагы бир мисал, Ысык-Ата мектебинин педагогикалык иш стажы жок, бакалавр даражасына ээ математика мугалими 1-апрелге чейин 10 миң 450 сом алса, (чегерилгени 12 миң 907 сом) эми 25 миң 300 сом ала баштайт (чегерилгени 31 миң 333 сом). Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин (бала бакчалардын) тарбиячыларынын эмгек акысы дагы 80 пайызга өстү.

Эми бардык министрликтердин кенже жана техникалык кызматкерлерине өзүнчө токтоло кетейин. Биз аларды да унуткан жокпуз. Бул кызматкерлердин эмгегин адилеттүү баалоого өзгөчө көңүл бөлдүк, алардын айлык акыларын дээрлик бардык жерде эки эсеге жогорулаттык.

Ошентип, 1-апрелден тарта 309 миңге жакын социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 2022-жылдын 9 айына кошумча 26 миллиард сомду бөлдүк», — деди президент.