Президент: «Акылбек Жапаровго «экөөбүздүн тең фамилиябыз – Жапаров. Фамилиябызды булгабайлы» деп айтып жатам»

Октябрь окуясынан кийин жалаң жаштарды алып келе баштагам. Жарым жылга жакын иштешти. Тажрыйба болбогондон кийин өздөрү да кыйналат экен, мамлекетти да кыйнайт экен. Бул тууралуу Садыр Жапаров маек учурунда билдирди.

«Ал эми эски кадрларды, Акылбек Жапаровду баш кылып иштеп бергиле деп өзүм чакырып келдим. Так сүйлөшүп алдык. “Буга чейин кандай иштегениңер, эмне кылганыңар мени кызыктырбайт. Мындан аркы мени менен иштеген ишиңер таза болбосо капа болбогула, бир гана эмгек акыга иштейсинер, бир сом уурдасаңар же жеке кызыкчылыгыңарга пайдалансаңар камаласыңар” деген келишим бар ортобузда.

Акылбек Үсөнбековичке “Экөөбүздүн тең фамилиябыз – Жапаров. Фамилиябызды булгабайлы” деп айтып атам. Жаман команда болсок, бир жылда бюджетти 280 миллиарддан 411 миллиардга кантип көтөрөт элек? Кантип эмгек акыларды 3 эсеге көтөрөт элек? Кантип жөлөкпулдарды көтөрөт элек? Кантип армиябызды күчтөп алат элек? “Курал-жарак жана жаңы технологияларды сатып алабыз, бергиле” десек, өнөктөш өлкөлөрдүн жетекчилери “Мурда бекер бергилечи деп суранып жүрчү элеңер. Азыр акчаны кайдан таап атасыңар?” деп таң калып сурап атышат», — деди ал.