Президент быйыл электромобиль чыгарчу завод ишке кирерин айтты

«Кабар» өлкө башчысы Садыр Жапаровго бир катар суроо менен кайрылып, маек курду. Анда Кыргызстанда чыгарылып жаткан паспорт, акциздик маркалар, коррупциялык көрүнүштөр, Шамбесай кени, Апрель окуясынын катышуучуларына курулчу фабрика, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун курулушу тууралуу сөз болду.

— Дүйнө жүзү боюнча өнүккөн өлкөлөр “Жашыл экономикага” басым жасашууда. Бул жаатта Кыргызстан кандай кадамдарга барууда?

— «Жашыл экономикага» өтүү боюнча Кыргызстан алдыда кетип бара жатабыз десем жаңылышпаймын. Өлкө боюнча 60тан ашык орто жана чакан ГЭСтерди куруп жатабыз. Күндөн, шамалдан энергия алчу станциялар курулуп жатат. Электромобиль чыгарчу завод быйыл ишке кирет. Мындан сырткары, тышкы карызыбызды жойдуруп, «Жашыл экономикага» алмаштыруу боюнча бир топ өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам. Эки өлкө 120 миллион доллар сырткы карызыбызды кечүү боюнча алдын ала убадаларын беришти. Кудай буюрса, жылдын аягына чейин 120 миллион доллар сырткы карызыбыздан кутулабыз. Албетте, бул акчаны «Жашыл экономикага» өтүүгө колдонобуз. Өлкөбүздү жашыл өлкөгө айлантабыз.