Президент “Дордойдо” салыктык администрациялоо боюнча пилоттук долбоорлорду өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Дордой” базарында салыктык администрациялоо боюнча пилоттук долбоорлорду  өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Анын максаты — салыктык администрациялоону жөнөкөйлөтүү, салык жол-жоболорун санариптештирүү жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Пилоттук долбоордо төмөнкүлөр жазылган:

15-марттан баштап беш айга чейин “Дордой” базарында иштегендердин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алууну жана көзөмөлдөө милдеттерин салык агенти статусунда базар администрациясына жүктөө;

1-июндан тарта үч ай жеке жактар үчүн Бирдиктүү салык эсебин киргизүү; пилоттук долбоорго катышуучу “Дордой” соода-базаркомплексинин базарларынын реестрин бекитүү;

1-декабрга чейин кыймылсыз мүлк жана транспорт каражаттарын каттоочу орган салык кызматына берилүүчү маалыматты актуалдаштыруу;

1-октябрга чейин пилоттук долбоорлордун жыйынтыгы боюнча тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү;

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында банктарга салык кызматынын маалыматтык системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.