«Президент душманды туура эмес жактан издеп жатат». Дастан Бекешев Садыр Жапаровдун сөздөрүнө жооп кайтарды

Президент мени «жактырат», бирок душманды туура эмес жактан издеп жатат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазып, президент Садыр Жапаровдун жыйында сүйлөгөн сөздөрүнө жооп кылды.

«Президент мени жакшы көрөт. Бирок ал душманды башка жерден издеп жатат. Ал тараптан бул административдик ресурс колдонуу. Андан көрө УКМК видеону монтаждоодо жашы жете элек балдардын ата-энелеринен уруксат алыштыбы, ошол тууралуу айтса жакшы болмок. Бир жигитти коркутушту», — деп жазды ал. 

Бүгүн президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи отурумунда сөз сүйлөп жатып: «Атын атабай эле коёюн, анткени бул туура эмес. Жакында бир талапкер жашы жете элек балдарды жана студенттерди үгүт иштерине тартты, ошондуктан аны суракка чакырышты. Бул талапкер мыйзамдуулукту булбулдай сайрап, коррупцияны жок кылышыбыз керек дейт. Бирок ал өзү бул [мыйзам бузуу] үчүн барат. Эгер кимдир бирөөнү сындасаң, өзүң сынга кабылбагандай болуш керек», — деген.