Президент эстелик коюу боюнча: «Мындай жөрөлгө маркумга эч кандай жардам бере албайт»

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маегин берип, анда Ош облусунда орун алган селден каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтып, селдин алдын алууга карата жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Өлкө башчысы мындан тышкары, маегинде көрүстөндөр жана ага байланыштуу көйгөйлөргө токтолду.

— Көрүстөндөр жана ага байланыштуу көйгөйлөр тууралуу айтканыңызды улуттук каналдан көрдүк. Анда бул маселеге көңүл бурбасак, айдоо аянттары азайып, калкты азык-түлүк менен камсыздоого таасир этерин айттыңыз. Ушул маселеге мамлекет азыр көңүл бурбаса кийин чындап эле чоң баш оору болот дейсизби?

— Биринчиден, шарият боюнча мусулман баласынын көрүстөнүн үстүнө баалуу таштарды чектирип сүрөт коюуга, темирден тосмо тосууга, цемент-бетон колдонууга тыюу салынат. Мындай жөрөлгө маркумга эч кандай жардам бере албайт. Тескерисинче, отко бышкан материалдарды колдонуп, мүрзөсүнүн үстүн бастырып салганы үчүн маркумдун арбагы кыйналат деп айтылат.

Экинчиден, биздин өлкөнүн 94 пайызын тоолор ээлейт. Түз жерлерибиз болгону 6 пайызды түзөт. Ушул 6 пайыз түз жерлердин ичинде айылдарыбыз менен шаарларыбыз да жайгашкан. Айдоо жерлерибиз аз. Биз бүгүнкү күндө бир эле буудайды алсак, өзүбүздү өзүбүз толук камсыз кыла албайбыз. Чет өлкөлөрдөн импорт кылып келебиз. Жыл өткөн сайын түз жерлерибиз ого бетер тарып, азайып барат. Элдин саны жылдан жылга өсүүдө. Элдин саны өскөн сайын тамак-аш көп керектелет. Ошондуктан биз бүгүнкү күн менен жашабашыбыз керек. Ар бирибизде “40-50 жылдан кийин биздин балдарыбыз, келечек муундарыбыз кандай жашайт?” деген санаа болуш керек. Аларга бүгүн кам көрбөсөк, кийин чындап эле алар үчүн чоң баш оору болот.

Мына ошондуктан капталга эмес, бийиктикке өсөлү деп Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин катуу жандандырдык. Жыл сайын казынадан каражат бөлүп берип жатабыз. Жакынкы жылдарда айылдарга чейин кабат-кабат үйлөрдү курууга жетишебиз. Азырынча үйлөрдү куруу боюнча иштерибиз айрым кичи шаарлар менен райборборлорго жетти. Эгер бийик кабат үйлөрдү куруу иштери бүгүнкүдөй темп менен уланса, 10-15 жылдан кийин Кыргызстандын ар бир жаранында үй көйгөйү болбойт.

Мисалы, азыркы күндө беш жүз түтүн эл жашаган Кең-Суу айылында эле 100гө жакын жаштар үй салганга жер тилкесин сурап, кезекте турушат. Ал эми 150 түтүн эл жашаган айылдарда болсо, 50гө жакын жаштар жер сурап, кезекте турушат. Бул көйгөй өлкөнүн ар бир айылында бар. Жердин жоктугунан экиден, айрым үй-бүлөлөрдө үчтөн келин-уулу менен жашап жаткан ата-энелер четинен чыгат. Ошондуктан шарият боюнча кайсы көрүстөн болбосун акыркы сөөк коюлуп, ал көрүстөн жабылгандан соң 25 жылдан кийин ал көрүстөндүн үстүн колдоно берсе болот деген чечим бар. Жогорку Кеңеш кабыл алган тийиштүү мыйзамдарда дагы мындай ченем белгиленген.

Жогоруда мен өз айылымдан гана мисал келтирдим. Илгери көрүстөн болуп жаткан жерлерди Союз тарагандан кийин үй салганга бөлүп берген. Азыр тамдар түшүп, жапжакшынакай эле огород кылып иштетип атышат.