Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча пикирин билдирди.
Аталган мыйзамда мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарга менчик жерлерди мамлекет алып коё алат деген ченем кирген. Бул боюнча өлкө башчысы төмөнкүчө жооп берди:
«Менчик жерлерди алып коюуга мен каршымын. Жеке менчик мүлктөр кол тийгис. Эгер Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилген жерлери болсо анда башка кеп. Аталган фонддун жүздөгөн гектар жерлерин 49 жылга алып алышып, анан иштете албай, отоо чөп басып жаткан жерлер жөнүндө кеп болуп жатса керек. Андай жерлерди сөзсүз айыл чарба багытына иштетишибиз керек. Барган сайын дүйнө жүзүндө айыл чарба багытындагы жерлер тарып барат. Адам саны тездик менен өсүүдө. Мисалы биз бүгүнкү күндө өзүбүздү өзүбүз буудай менен камсыз кыла албай калдык. Керектөөнүн 60 пайызын чет өлкөлөрдөн импорт кылып жатабыз. Ошондуктан бир квадрат метр жер болсо дагы бош жатпашы керек. Жеке менчик жерлерди болсо жергиликтүү бийликтегилер кыдырып туруш керек. Кимдер иштете албай жаткан болсо, өкмөт тараптан жардам берели, иштеттирели. Өзү иштете албай жатса, анда ижарага алып өкмөт иштетсин», — деди Садыр Жапаров.
Президент жеке менчик жер ээлерине кайрылып: «Бир квадрат метр жерди да бош калтырбагыла. Импорттон көз каранды болбойлу. Өзүбүздү өзүбүз камсыз кылганга аракет кылалы. Өкмөттүн максаты деле ушул. Силердин жерлерди тартып алып өкмөттү байыталы деген максаты жок», — деди.
Бүгүн, 20-февралда парламенттин алдында каршы кырктай адам чогулуп, президент Садыр Жапаровду Жер кодексине кол койбоого чакырган.