Иманалиев Каныбек Капашович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.