Президент конструктивдүү колдоп келе жатканы үчүн Нурлан Шакиевге жана парламентке ыраазычылыгын билдирди

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү майрамга карата сөзүндө конструктивдүү колдоп келе жатканы үчүн спикер Нурлан Шакиевге жана парламентке ыраазычылыгын билдирди.

«Ушул жерден Нурлан Шакиев баштаган парламентке, 7-чакырылыштын депутаттарына ыраазычылык билдирип кетейин. Биздин орчундуу чечимдерибизди, ири долбоорлорубузду, реформаларды, мыйзам долбоорлорду кечиктирбестен, куру кыйкырык кылбастан, колдоп келатасыздар. Жыйынтыгында экономикабыздагы, ички жана тышкы саясатыбыздагы иштер тездик менен жылып, ийгиликтерди жаратып жатат», — деди өлкө башчысы.