Президент «күндө арак ичип, ишке мас келет» делген облустук соттун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу Оңолбеков Дамирбек Мадылбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, Чүй облустук сотунун судьясы ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

7-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында видео көрсөткөн. Анда бир адам коридордогу дубалга жөлөнүп, андан кийин акырын ордунан туруп, ачкыч менен эшикти ачууга аракет кылат. Кыязы, ал мас абалында болгон. Жогорку Соттун төрайымы видеодогу адамды Чүй облустук соттун төрагасына окшоп жатканын айткан. Ошол эле күнү Чүй облустук соттун төрагасы Дамирбек Оңолбеков кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, видео тууралуу үн каткан.