Шейшемби, 18.11.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент Ош шаарындагы жаңы флагштокко мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты

15:07 05.10.2025
0
Президент Ош шаарындагы жаңы флагштокко мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын борбордук аянтында шаар күнүнө карата орнотулган жаңы флагштокко мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы шаардыктарга жана меймандарга кайрылып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу — биздин көз карандысыздыгыбыздын, эгемендигибиздин, элибиздин биримдигинин ыйык белгиси экенин белгиледи. Ал тарыхый фактылар кыргыз элинин тууга болгон мамилеси жөн гана символ эмес, дүйнөтааным менен турмуш философиясынын бир бөлүгү болгонун тастыктап турганын баса көрсөттү. Эзелтен кыргыз эли тууну ыйык тутуп, аны урушка чыкканда бийик көтөрүп, жоокерлерге дем берген. Эл-жеринин эркиндиги үчүн башын сайган эрлерибиз кызыл туунун алдында ант беришкен.

Президент шаардын так ортосуна мамлекеттик туубузду 95 метр бийиктикке көкөлөтө көтөрүү менен Ош шаарынын 3025 жылдыгын белгилөө башталып жатканына өзгөчө көңүл бурду. Ал тарыхка кайрылып, улуу Кытайдын Чжан Цянь деген саякатчысы Эркеч-Там аркылуу дал ушул биздин Ош шаарыбызга түшүп, Давань мамлекетине өткөнү да Ош шаарынын байыркылыгынан, тогуз жолдун тоому болгонунан кабар берип турарын эске салды. Ал Ош шаары аркылуу Чыгыш менен Батыштын соода кербендери өтүп, ал сооданын, кол өнөрчүлүктүн жана маданияттын борбору болгону алыс-жакын чөлкөмдөргө жакшы маалым экенин белгиледи.

Президент орто кылымдардан бери Ош илим-билимдин чордонунда болуп келгенин кошумчалады. Мында XII кылымда бул жерде даанышман илимпоздор, дин аалымдары, акындар — Омар ибн Муса аль-Оши, Сиражудин Али ибн Осман аль-Оши, Мухаммад Абу Абдуллах аль-Оши жана башкалар жашап, бүтүндөй мусулман дүйнөсүнө таанылган. Алар ушул ооматтуу жерден билим алып, дүйнөгө илим тараткан.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Ош шаары өлкөбүздүн экинчи борбору катары мамлекетибиздин өнүгүүсүнө стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. Үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттен Ош шаарына — техникаларды жаңылоого жана социалдык объектилердин курулушуна 3 миллиард сомго жакын каражат бөлүндү. Ал бул мамлекетибиздин Ош шаарына жасаган өзгөчө мамилеси, элибиздин турмушун жакшыртууга болгон камкордугу экенин баса белгиледи.

“Биздин максатыбыз – көп этностуу шаар калкын, келечегибиз болгон Ош шаарынын жаштарын ар тараптан колдоо болуп саналат. Биз мындай камкордугубузду мындан ары да улантабыз”, — деди мамлекет башчысы. Президент бүгүнкү Туу көтөрүү салтанаты улуу максаттарга карай жасалган ишенимдүү кадамдардын бири болушун каалады.

“Ордолуу Ош шаарынан эл аралык айдыңда кыргыз туусун бийик желбиреткен эр азамат уул-кыздарыбыз көп чыксын!”, — деп жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Иш-чаранын соңунда Ош шаарынын жана Ош облусунун күч түзүмдөрүнүн парады болуп өттү.

 

1 / 4
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Жаңы эле шаар макамы берилген Гүлчөгө мэр дайындалды

Жаңы эле шаар макамы берилген Гүлчөгө мэр дайындалды

Автор Айзада Тураркулова
16:22 10.11.2025
0

Президенттин буйругу менен шаар статусун алган Гүлчөгө мэр болуп Нурсултан Тажибаев дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, тиешелүү...

Садыр Жапаров Мисирдин президенти  Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен жолугушту

Садыр Жапаров Мисирдин президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен жолугушту

Автор Айзада Тураркулова
15:01 05.11.2025
0

Каир шаарында Президент Садыр Жапаровдун Мисирдин Президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма...

Садыр Жапаров: «Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм»

Садыр Жапаров: «Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:45 11.10.2025
0

Коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге миңге чейин агитатор жалдоого уруксат берүү боюнча талкуу уланууда. Айрымдар бул норма акчалуу талапкерлерге артыкчылык...

Садыр Жапаров Ак-Ордодогу киши өлтүрүү окуясы боюнча билдирүү жасады

Садыр Жапаров Ак-Ордодогу киши өлтүрүү окуясы боюнча билдирүү жасады

Автор Эдита Ильясова
14:04 09.10.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазды. "Эл агын суудай деген чын. Кайда бурсаң, ошол жакка кете берерине...

Садыр Жапаров: «Сооронбай Жээнбеков 5-6 күндүк оор сүйлөшүүлөрдөн кийин отставкага кетти»

Элдик толкундоо кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек? Өлкө башчысынын жообу

Автор Эдита Ильясова
11:09 08.10.2025
0

2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл 5 жыл толду. Бул маанилүү окуяны утурлай, «Кабар» агенттигине президент Садыр Жапаров өлкөнү оор кырдаалда колго алган учур,...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Кыргызстанда футбол чемпионаттарынын аталыштары өзгөртүлдү

Кыргызстанда футбол чемпионаттарынын аталыштары өзгөртүлдү

11:03 18.11.2025
Бишкекте массалык мушташка катышкандар кармалды

Бишкекте массалык мушташка катышкандар кармалды

11:26 18.11.2025
“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

12:44 18.11.2025
“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

1
Садыр Жапаров: “Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт”

Садыр Жапаров: “Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт”

16:28 18.11.2025
Акжол Махмудов Ислам оюндарында жарым финалга чыкты

Акжол Махмудов Ислам оюндарында жарым финалга чыкты

15:24 18.11.2025
“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

12:44 18.11.2025

АРХИВ

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
« Окт    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү