Президент Садыр Жапаров 7-8-октябрда Москвага барат

Президент Садыр Жапаров 7-8-октябрда КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Эртең, 8-октябрда Орусияда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат. КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө”, — деди Муратбек Азымбакиев.