“Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары “2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча жана “2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин Эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө” баяндамаларды угушат. Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу, анын ичинде бир жагынан ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттер, экинчи жагынан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосунда, товарлардын жасалган жерин сертификациялоонун жана верификациялоонун электрондук системасынын алкагында маалыматтарды электрондук алмашуу жөнүндө Протоколдун долбоорун жактыруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, “Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл” медалын уюштуруу планда турат”, — деди Муратбек Азымбакиев.
Президент Садыр Жапаров 8-майда иш сапары менен Орусияга барат
Президент Садыр Жапаров 8-майда Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш Парадына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
- Categories: САЯСАТ
Related Content
Ташиев коррупцияга каршы күрөш мындан ары кыйла күч алаарын эскертти
Автор
СЕРЕП МЕДИА
02:17 02.01.2025
Садыр Жапаров мектептердеги акча чогултууларга тыюу салган, жоопкерчиликке тарткан мыйзамга кол койду
Автор
Гүлмайрам Сабирбекова
12:01 31.12.2024
Садыр Жапаров совет бийлиги тушунда диний жана саясий ишеними үчүн соттолгондорду актаган мыйзамга кол койду
Автор
Гүлмайрам Сабирбекова
11:33 31.12.2024
Садыр Жапаров "ипотекага кезек алмашып кетти" дегендерге жооп берип, батир алгандарга кайрылды
Автор
Эдита Ильясова
09:50 30.12.2024
Садыр Жапаров эмне үчүн абактарда тинтүү жүргөнүн айтты
Автор
Эдита Ильясова
09:09 29.12.2024