Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) эки күндүк расмий сапары менен жөнөп кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Иш сапарынын алкагында ал Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки жана көп тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара байланышуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо мерчемделген. Аны менен катар мамлекет башчы кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышат жана Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсү менен таанышат. Мындан тышкары, Түркмөнстандын тунгуч президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана Turkmenbashynin Ruhy Metjidi мечитине барат. Ошону менен бирге Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коёт.
Расмий делегациясынын курамы:
- тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
- Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Талант Султанов;
- транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
- өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
- энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев.