Садыр Жапаров «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Астанага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Астана шаарына  иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

Президенттин учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду. Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана Италиянын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында «Борбор Азия-Италия» биринчи саммитине катышат.