Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн диний ишмерлер менен жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчысы мыйзамга кошумча түзөтүүлөр киргизилип жатканын, буга чейин дин аалымдары менен бир нече жолу чогулуп, пикир алмашуу болгонун белгиледи. Ал бүгүнкү жыйында дагы бир жолу дыкат карап, электен өткөрүп, анан Жогорку Кеңешке жиберүүнүн маанилүүлүгүн айтты. Президент ушул мыйзам долбоорунун тарыхына кыскача токтолуп, мындан эки ай мурда Дин иштери боюнча комиссия бул мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган демилгеси сын-пикирлер менен коштолгонун, радикалдуу пикирлер да болгонун белгилеп өттү.
Садыр Жапаров Кыргызстан светтик мамлекет болгондон кийин дин иштерине кийлигишпей турганын, ал эми диний ишмерлер болсо мамлекеттин ишине кийлигишпей турганын айтты. Бирок Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында жана жалпы эле диний чөйрөдө Муфтиятка жана Аалымдар кеңешине карата урмат-сыйдын жоктугу көрүнүп турган башаламандык орун алууда. Мамлекет башчысы 2010-жылдан 2020-жылга чейин мамлекеттик бийликтин башкаруу тармагында да “улак тартыш” болуп келгенин, анын кесепетинен мамлекетибиз чачырап кете жаздаганын эске салды. Ал 2020-жылы Баш мыйзамдан баштап бардык мыйзамдарды оңдоп-түздөө иштери башталганын, анын натыйжасында тартип орноп, мамлекет өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилей кетти.
Президент ошондой эле жол менен Муфтият менен Аалымдар кеңешинин позициясын бекемдөө үчүн “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун жаңы редакцияда иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ал мамлекеттик реформалар сыяктуу эле, мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы өлкөнүн бардык конфессияларында тартипти орнотууга, анын ичинде мусулмандар арасында ынтымакты камсыздоого мүмкүндүк берет. Мамлекет башчысы ошондой эле радикалдык элементтер менен күрөшүүдө диний ишмерлердин колдоосу талап кылынарын баса белгиледи. Ал динге жамынып алып, тескери кеткендерди Муфтият тарбиялап, даават айтуу менен оң жолго салышы керектигин айтты. Ал эми “дааватты жоюп атат” дегендерге, даават жоюлбайт, тескерисинче, канчалаган жарандарыбыз даават уккандан соң оң жолго түшкөндүгүнө далилдер көп, деди.