Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Венгрияга барды. Делегациянын тизмеси (видео)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпиондугуна карата иш-чараларга катышуу үчүн Будапешт шаарына иш сапары менен барды.
Мамлекет башчысынын учагы Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы аэропортко конду. Садыр Жапаровду Венгриянын юстиция министри Бенце Тужон тосуп алды.
Расмий делегациянын курамында:

Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;

Муратбек Азымбакиев — президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Талантбек Кушчубеков — Кыргызстандын Венгриядагы элчиси.