Президент Садыр Жапаров ЖЕЭКтин жыйынына катышууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда Москва шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышууда. Күн тартибинде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграцияны тереңдетүү маселелери.
ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйыны башталар алдында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчыларынын чогуу сүрөткө түшүүсү болуп өттү. Андан соң, жолугушуу делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда уланат.

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши (ЖЕЭК) — Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жогорку органы. ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Орусия  кирет. 2023-жылы Биримдиктин органдарына Орусия төрагалык кылууда.