Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына видеоконференция аркылуу катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бир катар документтерди, алардын ичинде глобалдык климат маселеси боюнча билдирүүнү кабыл алуусу болжолдонууда. Ошондой эле ЕАЭБдин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүүнүн экинчи этабына өтүү маселесин жана евразиялык интеграциянын күн тартибинде турган башка бир катар маселелерди кароо пландалууда.