Президент Садыр Жапаров көмүрдүн баасын өкмөт эмне үчүн колго алганын айтты

Бүгүн, 22-ноябрда президент Садыр Жапаров Сокулук районундагы бир нече жаңы конуштун жашоочулары менен болгон жолугушууда көмүрдүн баасы боюнча кырдаалга токтолду.

«Менин душмандарым бийликте эле эмес, эл ичинде да бар. Бир ай какшап сурандык. Бааны түшүргүлө, бир унаадан 10-15 миң сом киреше тапсаңар деле жетет десем, жок миң доллар табыш керек экен. Көмүр ташыгандар саботаж уюштурушту. Мына эми көмүрдүн баасын 3 миңге түшүрдук. Алар жумушсуз калышты», — деди ал.