Президент Садыр Жапаров коопсуздук боюнча кеңешме өткөрдү

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-мартта өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдан келип чыккан маселелер, мүмкүн болгон социалдык-экономикалык таасирдин сценарийлери, ошондой эле өлкөнүн аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалды мындан ары турукташтыруу маселелери каралды. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин баяндамалары угулду. Талкуу жыйынтыгы боюнча президент бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.