Президент Садыр Жапаров Кувейтке иш сапар менен барат

Исламабад шаарында өтүп жаткан Ислам кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 48-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Кувейттин тышкы иштер министри Ахмед Насер Аль-Мухаммед Аль Сабахтын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти. Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги калыптанган саясий мамилелерди жакынкы келечекте кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө оптимизм менен кароого мүмкүндүк берет. Буга далил катары өлкөлөр ортосундагы түз аба каттамдарынын ишке ашырылып жаткандыгы болуп саналат.

Кыргыз тарап 2022-жылы Кувейтте өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 3-жыйынын өткөрүүгө терең кызыкдар экенин ырастап, соода-инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого чакырды. Тараптар бир катар маанилүү келишимдерди макулдашуу процессин тездетүү зарылдыгын белгилеп, быйылкы жылы президент Садыр Жапаровдун Кувейтке пландаштырылган сапарынын мазмундуу бөлүгүн толтурууну макулдашышты. Жогорку деңгээлдеги иш сапарды уюштуруунун алдында Руслан Казакбаев жогоруда айтылган маселелер боюнча «убакытты такташуу» үчүн жакынкы аралыкта Кувейтке барууга даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда Кувейттин тышкы иштер министри быйыл май айында Кыргызстанга келүү ниетин тастыктады.