Бүгүн, 6-январда президент Садыр Жапаров кыргыз армиясын Казакстанга жөнөтүү боюнча үн катты. Ал өз билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Кандай жардам? Азыр ушул тапта Казакстанда көптөгөн мамлекеттик стратегиялык мекемелерди кайтаруу күчтөрү жетишпей турган мезгил экен. Бизден жардам сурады. Биз жардам беришибиз керек. Анткени ЖККУнун туруктуу мүчөсүбүз. Келишимге мурда эле кол коюлуп, Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөн экен. Кайсы жерге барышат, кандай мекемени кайтарат жана башка маселелердин баарын такташып алып, анан жардам берели дедик. Айрым депутаттар дагы популисттердин айынан каршы пикирлерин айта башташты. Урматтуу депутаттар, каршы болбогула деп суранып кетет элем. Кам санабагыла. Азыр Казакстанда абал турукташып калды. Ошентсе дагы колубуздан келген жардамыбызды берип коёлу. Коңшуларыбызда тынчтык болсо, бизде дагы тынчтык болот», — деп жазылат билдирүүдө.