Президент Садыр Жапаров: «Кыргыз-тажик чек арасынын 50 пайыздан ашууну макулдашылды»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта өлкө Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Иш-чарага Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын 50дөн ашуун жетекчилери катышты.

Мамлекет башчысы өлкөнүн көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган ачык, тең салмактуу жана тышкы саясатты тынч жүргүзүү улантыларын кошумчалады. «Эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн тарта коңшу өлкөлөр менен чек ара маселелерин чечүү артыкчылыктуу багыт болгондугун баса белгилеп кетүү маанилүү деп эсептейм. Бул региондо коопсуздуктун жана туруктуулуктун жалпы мейкиндигин түзүүнүн ишенимдүү пайдубалы болуп калууга тийиш. Биз 1996 жана 1999-жылдагы келишимдер аркылуу улуу кошунабыз Кытай Эл Республикасы менен, ошондой эле 2001-жылдагы келишим аркылуу боордош Казакстан менен мамлекеттик чек арабызды укуктук жактан тактап алганбыз. Учурда Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселеси чечиле элек жана алар боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда. Мен Өзбекстан менен чек ара маселелерин тактоо жигердүү жана өз ара түшүнүшүү духунда бара жатканын баса белгилегим келет. Ошондой эле Тажикстан менен сүйлөшүүлөр активдешип, мамлекеттик чек аранын жалпы узундугунун 50 пайыздан ашык жери боюнча макулдашылды. Тажикстан менен чек ара маселесинин жыйынтыгын чыгарыш үчүн кыргыз-тажик өкмөттөрү саясий чечим кабыл алып, бири-бирин сыйлоо жана урматтоо принцибинин негизинде сүйлөшүүлөрдү улантышыбыз зарыл», — деди Садыр Жапаров.