Президент Садыр Жапаров Лейлек районундагы жаңы мектептин пайдубалына капсула салды. Сүрөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук айылында мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Долбоор боюнча мектеп 225 окуучуга ылайыкталып, эки кабаттуу болуп курулат.

Президент ошондой эле Лейлек районундагы «Жаңы-Жер» чек ара тозотунда болду.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлери менен жолугушууда өлкөнүн чек арачылары менен укук коргоо органдарынын даярдыгынын, бийик моралдык духунун жана баатырдык аракеттеринин аркасында өлкөнүн аймактык бүтүндүгү сакталып калгандыгын белгиледи.

Жапаров өлкөнүн коргонуу жөндөмүн мындан ары жакшыртуунун жана мамлекеттик чек аралардын коопсуздугун чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолду. Мамлекет башчысы Борбордук жана Достук айылдарынын тургундары менен баарлашты. Жергиликтүү эл кызыккан суроолоруна жооп алышты.

«Туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле калктуу конуштардын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу, жумушсуздуктун деңгээлин азайтуу, жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуу жана башка көптөгөн маселелерди чечүү үчүн Баткен облусун мындан ары комплекстүү өнүктүрүүдө зарыл болгон бардык нерселерди жасап жатабыз жана мындан ары да жасайбыз», — деп баса белгиледи өлкө башчы.