Орусиянын жардамы менен 9 аймакта мектеп курулат (тизме)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июнда билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы айрым ата-энелерден келип түшкөн арыз-даттанууларды эске алуу менен, мектептерде электрондук кезекке тургузуу тутумун өркүндөтүү, бул процессти мүмкүн болушунча, айрыкча, Бишкек шаарында натыйжалуу жана ачык-айкын жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. «Жалпысынан билим берүү системасынын деңгээлин жана ага болгон элдин ишенимин жогорулатуу өтө маанилүү. Ошондой эле негизги баалуулуктарды, руханий багыт жана ишенимдерди калыптандыруу үчүн жогорку адеп-ахлактуу инсанды тарбиялоонун принциптерин жана жолдорун ачууга жардам бере турган руханий-адеп-ахлакты өнүктүрүү боюнча предметтерди киргизүү зарыл», — деди президент Садыр Жапаров.

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыктын  талаптарын, мектеп окуучуларынын жана жаштардын Руханий-адеп-ахлактык жактан өнүгүү жана дене тарбия концепциясын ишке ашыруу алкагында билим берүү стандарттары кайрадан каралып жатканын, заманбап талаптарды эске алуу менен этика, эстетика, дене тарбия жана мектепке чейинки жаштагы балдарды, мектеп окуучуларын жана студенттерди тарбиялоо боюнча предметтер киргизилгенин маалымдады. Мындан сырткары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги спортту өнүктүрүү боюнча «Мектеп лигасы» долбоорун иштеп чыгууда, анда футбол, баскетбол жана волейбол сыяктуу артыкчылыктуу спорт түрлөрү аныкталган. Билим берүү жана илим министрлигинин алдында турган маанилүү милдеттердин бири — бул өлкөнүн жогорку окуу жайларын сапаттуу өзгөртүү болуп саналат.

Болотбек Купешев Орусиянын жардамы менен тургузула турган орус тилдүү мектептердин долбоорун ишке ашыруу кайсы деңгээлде экендигин билдирди. Аларды тургузуу үчүн тогуз калктуу конушта жер тилкелери аныкталган. Биринчи этапта Ош, Каракол шаарларында жана Чүй облусунун Сокулук районунда үч мектептин курулушун баштоо чечими кабыл алынган. Андан кийин курулуш иштери Баткен шаарында, Талас облусунун Манас районунда, Нарын шаарында, Жалал-Абад шаарында, Ош облусунун Өзгөн районунда жана Бишкек шаарындагы калктуу конуштардын биринде башталат.