Жапаров Путинди туулган күнү менен куттуктады. Алар дагы эмне тууралуу сүйлөштү?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Өлкө лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, ар кыл тармактагы өз ара пайдалуу байланыштардын абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Жапаров Путинди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, узак өмүр, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Ал өлкөлөрдүн тарыхый достук жана бири-бирин урматтоонун бекем салттарына негизделген өз ара алакасын жогору баалап, бул иште Владимир Путиндин чоң салымын белгиледи.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаров Орусия лидерин мамлекеттик думага шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгү парламенттер аралык байланыштарды Жогорку Кеңеш менен чыңдоого багытталарына ишеним артты. Өз кезегинде Владимир Путин куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле орус тараптын биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга даярдыгын белгиледи.