Президент Садыр Жапаров Сочиге учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда иш сапары менен Орусиянын Сочи шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылууда. Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Жолугушууда коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, Кыргыз өлкөсүнө Орусиянын вакцинасын жеткирүүнү талкуулоо мерчемделүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.