Президент Садыр Жапаров Трампка кол салуу аракетин кескин айыптаган билдирүү таратты

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-июлда АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка кол салуу аракетине байланыштуу билдирүү жасады.
«Талапкер жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын Пенсильваниядагы шайлоо алдындагы митинг учурундагы кол салуу аракетин кескин айыптайм. Анын тезирээк сакайып кетишин, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез айыгуусун каалайм», — деп айтылат билдирүүдө.