Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат. Ал облуста бүгүн жана эртең болот.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысы бир катар айыл чарба ишканаларынын ачылышына катышып, алардын ишмердиги менен таанышат.