Президент Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү Бишкек шаарындагы үйүн ипотекалык компанияга өткөрүп берди

Президент Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү бүгүн, 30-сентябрда мурда мамлекет башчысы өзү жашаган Бишкек шаарындагы үйүн кайтарымсыз негизде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Садыр Жапаров өткөрүлүп жаткан турак жайдын документтерин жеке өзү тапшырып, компаниянын төрайымы Аида Төлөгөновага аталган кыймылсыз мүлктү көрсөтүп берди. Президенттин айтымында, бул үйдү үй-бүлөсү менен 2005-жылы эле сатып алышкан. 2010-жылдары башка жакка көчүп кетишип, үй ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келген. Мамлекет башчысы бүгүнкү иш-чаранын максаты – жеке турак жай рыногун жакшыртуу, муну менен компанияга «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасынын алкагында муктаждарды турак жай менен камсыздоосуна жардам берүү экенин айтты.

Садыр Жапаров жаңы ипотекалык программа ишке киргенин, анын аркасында бюджеттик тармактын кызматкерлерине даяр турак жайды сатып алууга насыя жылына 4 пайыздык чен менен берилерин эске салды. Мындан сырткары, башка категориядагы жарандарда дагы бул программа боюнча, буга чейин талап кылынгандай сатып алып аткан кыймылсыз мүлктүн негизги суммасынын 30 пайыздык баштапкы төлөмүн төлөбөстөн даяр турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүк бар.

Учурда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы банктар аркылуу иш алып барарын эске алганда, программа катышуучусу сатып алып жаткан кыймылсыз мүлктүн наркынын 10 пайыздан кем эмесин төлөшү керек деген шарт бар. Келечекте баштапкы төлөмү жок жана ижарага алган турак жайды кийинчерээк сатып алууну караган механизмдер киргизилет. Программаны ишке ашырууну каржылоо жана акыркы пайыздык ченин төмөндөтүү максатында компанияны 5 миллиард сомдон ашуун суммага капиталдаштыруу жүрдү.

Президент бул турак үйдү аукционго койсо, анда бул акчага жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программасынын алкагында 10 үй-бүлөнү батир менен камсыз кылууга мүмкүн болорун айтты. Мындан сырткары, мамлекет башчысы жарандардан келип түшкөн акчалай же кыймылсыз мүлк түрүндөгү бардык жардамдар мамлекеттин көзөмөлүндө экенине жана бул маселе максималдуу ачык-айкын болоруна токтолду. Ошондой эле, коррупция үчүн соттолгондордон конфискацияланган кыймылсыз мүлк — турак жайлар да «МИК» ААКсынын балансына которулат.