«Президентке каршы чыгып жатасың дешет». Балбак Түлөбаев министрлерди «чын тийбес» деп атады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев кээ бир министрлердин «чын тийбес» болуп алганын айтты.

Ал соцблокту тескеген Эдил Байсалов эмне кылып жатканына кызыкты. Депутаттын айтымында, көйгөйдүн баары ушул жакта, бирок 2-3 айдан бери куратордон дайын жок.

«Өкмөт иштеш керек да, биз айтсак эле президентке каршы чыгып жатасың дешет. Биз бир кемедебиз. Чөксөк чогуу чөгөбүз. Ошону чөктүрбөгөнгө аракет кылып, кээ бир министрлерди тепкилеп иштетишибиз керек. Биз айранды үйлөп ичип калганбыз. Министрлериңерди чын тийбес кылбай элдин көйгөйүн чечтиргиле”, — деди Түлөбаев.