Президентти кайра шайлоо болобу? Камчыбек Ташиевдин жообу

«Кечээ күнү бир талапкер «мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоого даярдангыла, мен талапкерлигимди коём» деп жатат. Көрдүңөрбү, булардын психологиясы бузулган». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Буларга тез-тез революция болуп турса, тез-тез элди тоноп турса, тез-тез бийликти алмаштырып турса, мамлекетте туруктуулук болбосо, өзү эптеп бийликке жетсе болду. Мындайларга жол бербешибиз керек. Кыргызстанда бардыгы мыйзамдуулук, элдин эрки менен чечилгенге шарт түзүп беришибиз керек. Революция кылып жиберебиз дешет. Биздин азыркы бийликке укмуш бир сонун, бардыгы уюшулган, экономика-финансылык жактан күчтүү мамлекетти берип, белек кылып кеткендей сүйлөйт да. Биз иштеген убакта мамлекеттин күчтүү болушуна жол ачып калалы деп аракет кылып жатабыз. Ошондуктан элди башка багытка бурган саясатчыларды коомубуз өзү да токтотушубуз керек. Шайлоо бүтсө, революция кыла турган, элди көчөгө алып чыкканга себеп жок. Мамлекет эч кандай кысым кылбаса, шарт түзүп берсе, колдон келишинче иштеп жатса, эч нерсени уурдабаса, коррупцияны гүлдөтүп жатпаса, тууганын бийликке алып келип жатпаса, чуркап гана иштеп жатат», — деди ал.