Президенттик аппарат: «Матраимов темасын козгобо» деген чууга Талант Мамытовдун тиешеси жок»

«Матраимов темасын козгобо, ал тууралуу сөз кылба» деген телефондук чалууга учурда президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытовдун дагы, президенттик аппараттын дагы тиешеси жок. Бул жөн гана дал келүү». Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн башчысы Нургазы Анаркулов билдирди.

Буга чейин SUPERTV каналынын башкы редактору Шайиста Шатманова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу «Матраимов темасын козгобо, ал тууралуу сөз кылба» деген телефондук чалуу болгонун жарыялаган эле. Бул билдирүү өз учурунда коомчулукта жана медиа чөйрөсүндө талкуу жаратты.