Президенттик жарышка катыша турган 20 жаран топтогон колдорун БШКга тапшырды

Кечээ, 3-декабрда саат 23:59га чейин президенттик жарышка катышам деп 30 миңден ашуун кол топтоп БШКга тапшырган жарандардын тизмеси жарыяланды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген кол тамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат. Көрсөтүлгөн убакытка чейин 20 жаран кол топтоп, билдирүүлөрүн калтырды. Алардын катарында Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков, Курсан Асанов, Мыктыбек Арстанбек, Бактыбек Калмаматов жана башкалар бар.

Бул акыркы жыйынтык эмес, БШК чогултулган колдор, мыйзамга ылайык туура толтурулдубу, жокпу, жараксыздары барбы текшерип чыгат. Президенттик жарышка катышам деген ар бир жаран 30 миңден кем эмес кол чогултушу керек.